Түрк басма сөзү 01.07.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1667857
Түрк басма сөзү 01.07.2021

«Ватан» гезити «Кадимки жашоого кайтууда жаңы мезгил башталды» аттуу маалыматында коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы күрөшүүнүн алкагында киргизилген чектөөлөр соңуна чыкканын маалымдаган. Дүйшөмбүдөн ишембиге чейинки саат 22: 00дөн 05: 00гө чейин, жекшемби күндөрү болсо коменданттык саат, чара көрүү мезгилинде колдонулган шаарлар аралык чектөө толугу менен алынып салынды. Ишканалар белгиленген ачылуу жана жабылуу сааттарында иштей башташты. Тойлордун жана үйлөнүү үлпөттөрүнүн катышуучуларынын саны чектелбейт.

«Йени шафак» гезити «Канал Стамбулга кызыгуу чоң» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана орус кесиптеши Сергей Лавров Анталияда жолугушканын маалымдаган. Чавушоглу биргелешкен маалымат жыйынында Монтре (Босфор келишими 1936-жылы түзүлгөн) жана Канал Стамбул жөнүндө суроого: «Канал Стамбул үчүн конкреттүү кадамдарды жасай баштадык. Эл аралык компаниялар тарабынан да кызыгуу пайда болду. Монреде эч кандай өзгөрүү болбойт»,-деди.

«Стар» гезити «Түркиянын КУУAлары НАТОнун машыгуусун белгиледи» деген кабарында Кара деңизде Украина жана АКШ биргелешип өткөргөн «Sea Breeze-2021» машыгуусу уланып жатканын жазган. Чоң машыгууга Түркияда өндүрүлгөн Bayraktar TB2 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары (КУУА / SİHA) дагы катышты. Түркиянын КУУAлары НАТОнун машыгуусунда биринчи жолу колдонулду. Украин-АКШ биргелешкен аскердик машыгуусу «Sea Breeze-2021» 28-июнда башталды. Машыгууга НАТОго мүчө 30дан ашуун өлкө катышууда.

«Хабер Түрк» гезити «Экспорттун рекорддук көрсөткүчтөрүнүн июнь айында тышкы соода маалыматтары күтүлүүдө» деген маалыматында соода министри Мехмет Муштун тышкы соода маалыматтарында жума күнү жарыялануучу экспорттун рекорддук көрсөткүчүн күтүп жатышканын билдиргенин баяндаган. Муш:  «2021-жылдын акырына чейин 2022-жылга карата Орто мөөнөттүү программанын максаты болгон 198 миллиард долларга жетип, экспортубузду 200 миллиард доллардан ашырабыз деп ишенем»,-деди. «Хүррийет» гезити «Баскетбол боюнча улуттук команда жарым финалда» деген маалыматында Баскетбол боюнча улуттук курама команда Канадада өткөн FIBA ​​Олимпиадалык Квалификациялык Турниринин экинчи таймашында «В» тобунда Чехияны 87-70 эсебинде утуп алганын маалымдаган. Бул жыйынтык менен 2 оюнду тең жеңген Түркия тайпадан лидер болуп чыгып жарым финалга өттү.

 



Тектеш кабарлар