Түрк басма сөзү 27.05.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1646490
Түрк басма сөзү 27.05.2021

 

«Хабер түрк» гезити «Учкучсуз согуштук учагыбызды 2023-жылы учурууну пландап жатабыз» аттуу маалыматында президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасы Режеп Таййип Эрдоган кечээ Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы партиясынын фракциялык жыйынында сүйлөп жатып: «Биз учкучсуз учуучу учагыбызды 2023-жылы асманга учурууну пландап жатабыз»,-деп айтканын баяндаган.

«Сабах» гезити «Министр Чавушоглу Грецияга барат» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ партиясынын фракциялык жыйналышынын алдында жасаган билдирүүсүндө, 31-май, дүйшөмбү күнү, Грецияга чакыруу боюнча барарын айтканын маалымдаган. Чавушоглу жолугушууларынын алкагында борбор шаар Афина жана Салоникиге барат.

 «Йени шафак» гезити «Улуттук Коргоо министрлигинен Азербайжанга 5 Механикалык миналарды тазалоочу шаймандар берилди» аттуу кабарында кечээ Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, министрликтин карамагында турган Аскердик завод жана кеме верфтерин иштетүү корпорациясы (ASFAT) тарабынан чыгарылган 5 Механикалык миналарды тазалоочу шаймандардын (MEMATT) Азербайжанга жеткирилгендиги белгиленди.

«Ватан» гезити «Түркияга жаңы BioNTech вакциналары келди» аттуу кабарында саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожанын буга чейин келишим түзгөнүн жарыялаган 120 миллион дозалык Pfizer / BioNTech вакцинасынын биринчи партиясын ташыган учак кечээ борбор шаар Анкарага конгонун айтканын маалымдаган. Вакциналар Саламаттыкты сактоо министрлигинин Вакцина жана дары-дармек кампасына атайын муздатуучу унаалар менен жеткирилген.

«Стар» гезити «Түркияда өндүрүлдү, 40 мамлекетте дасторкондорго коюлууда» деген кабарында 2021-жылдын январь-апрель мезгилинде Америка, Германия, Кувейт жана Бельгия сыяктуу 40 өлкөгө 9 миллион 542 миң 306 долларды түзгөн бал экспорттолгонун жазган.



Тектеш кабарлар