Түрк басма сөзү-16.03.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1378947
Түрк басма сөзү-16.03.2020

«Хүррийет» гезити «Чанкая сарайында коронавирус жыйналышы» аттуу маалыматында вице-президент Фуат Октайдын жетекчилигинде Чанкая сарайында кечээ коронавируска карата алдын алуулар каралган жыйналыш өткөрүлгөнүн маалымдаган. Жыйналыштан кийин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматта 9 Европа өлкөсүнөн Түркияга жасалган учак каттамдарынын түн ортосунан тарта токтотулушуна чечим чыгарылды. Айрыкча 17-март саат 23:59га дейре өлкөгө кайтуусу камсыздалган атуулдардын 14 күн бою байкоого алына турганы белгиленди.

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглунан «Исламофобияга каршы эл аралык колдошуу күнү» чакырыгы» аттуу маалыматында Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы Нур и Линвуд мечиттерине 2019-жылдын 15-мартында болгон террордук кол салуу болгон күндүн бир жылдыгында каза болгон 51 киши кечээ миңдеген кишинин катышуусунда эскерилгенин жазган. Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу социалдык медиа барагы аркылуу бөлүшүүсүндө «15-март Исламофобияга каршы эл аралык коодошуу күнү болсун»деген чакырык салды.

«Ватан» гезити «Үчүнчү бургулоо кемеси Түркияга алып келинди» аттуу маалыматында бургулоо иштерин «Фатих» жана «Явуз» кемелери менен уланткан Түркиянын сатып алган үчүнчү бургулоочу кемеси «Кануни» Түркияга алып келингенин жазган. Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, Канунинин жаңы ультра терең деңиз бургулоолорун эң кыска убакта баштай турганын белгиледи.

«Йени шафак» гезити «Орусияга экспорт ылдам башталды; 30 пайызга артты» деген кабарында Түркиядан үстүбүздөгү жылдын январь-февраль мезгилинде Орусия Федерациясына 700 миллион 287 миң 450 доллардык товар жөнөтүлгөнүн жазган. Өткөн жылдын бирдей мезгилинде Орусияга 387 миң 698 тонналык товар жөнөтүлүп андан 555 миллион 107 миң 446 доллардык киреше түшкөн болчу. Ушундайча Орусияга экспорт өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу көлөмү жагынан 30 пайызга артты, баа жагынан 26 пайызга артты.

«Сабах» гезити «SHOD Антарктидада» аттуу маалыматында Улуттук коргоо министрилигинин Түрк деңиз күчтөрүнүн сүзүү, гидрография жана океанография  штабынын башчылыгынын төртүнчү эл аралык Антарктида илим сапарына катышканын билдиргенин жазган. Улуттук коргоо министрлигинин жарыясында «SHOD башчылыгы 2017-жылдан тарта быйыл Антарктида илим сапарына катышып, бул маанилүү процесске салым кошот»делди.



Тектеш кабарлар