Түрк басма сөзү-19.12.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1109819
Түрк басма сөзү-19.12.2018

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглу; ЙПГ жана ПКК менен акырына дейре күрөшүбүздү улантабыз» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын (ТУУЖ) жалпы кеңешинде министрлигинин бюджети боюнча сөз сүйлөп, «Биз эч качан тышкарыда дагы ичкериде дагы күрт душмандыгы кылган жерибиз жок, бирок ЙПГ жана ПКК менен акырына дейре күрөшүүбүздү улантабыз»,-деп айтканын баяндаган. Министр Чавушоглунун Түркиянын татаал процесстен өткөнүн, аймактын кризистер менен курчалганын, ушундай процессте түрк тышкы саясатын ийгиликтүү ишке ашырыш үчүн аракет кылып жаткандарын айтты.

«Ватан» гезити «Акардан так маалымат; эч качан уруксат берилбейт» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын кечээ Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын (ТУУЖ) жалпы кеңешинде министрлигинин 2019-жыл үчүн бюджети сүйлөшүлгөн убакта сүйлөгөн сөзүндө, жикичл террор уюму ПККнын Ирактын түндүгүндө уя салганына көңүл бурганын жазган. Акар: «Өлкөбүздүн жана улутубуздун коопсуздугу үчүн ПКК террордук уюм турган жеринен толугу менен тазаланганга дейре операцияларыбыз уланат. Синжардын жаңы Кандил болушуна эч качан уруксат берилбейт»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Түркиянын Индия менен соода көлөмү 8 миллиард долларга жетти» аттуу маалыматында соода министри Рухсар Пекжандын ар түрдүү жолугушууларды өткөрүү үчүн кечээ барган Индиянын борбор шаары Жаңы Делидеги билдирүүсүндө жылдын 11 айлык мезгилинде Түркия менен Индиянын ортосундагы соода көлөмүнүн 8 миллиард долларга жеткенин белгилеп, «Бул көлөмдө Индиянын Түркияга жасаган экспорту дагы көп. Дагы тең салмактуу жана туруктуу соода карым-катнаштарын куруу үчүн биргелешип иштешибиз керек»,-деп айтканын баяндагн.

«Стар» гезити «Фындык экспортунан 10 сезондо 18 миллиард доллар киреше» аттуу маалыматында дүйнөлүк фындык өндүрүү жана соодасынын чоң көлөмүн колунда кармаган Түркиянын акыркы 10 экспорт сезонунда бул өндүрүмдөн 18 миллиард киреше тапканын маалымдаган. Аты аталган мезгилде эң көп киреше 2 миллиард 799 миллион доллар менен 2014-2015 сезонунда камсыздалса, 2012-2013 сезону болсо 301 миң 193 тонна менен эң көп өндүрүм сатылган сезон болду.

«Сабах» гезити «Мардин 2018-жылы 3 миллион туристти тосуп алды» деген маалыматында Мардин үстүбүздөгү жылдын 11 айында орто эсеп менен 3 миллион кишини тосуп алганын жазган. ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине талапкер болгон шаарда жашаган туристтердин Мардин чеби жана таш архитектуралык түзүлүштөрү менен катар дин туризминин алкагында эң көп азиретти Мухаммеддин аяк изи орун алган «Ситти Радвие» медресеси, Сакалы Шериф орун алган Улу жами мечити, Зинжирие жана Касымиени кыдырууда. Туристтер айрыкча христиан динине мүчө сириянилердин ыйык деп кабыл алган Турадбин тоосундагы «Мор Габриэль» монастыры менен «Мариям Ана» чиркөөсү, Кырклар чиркөөсү, Дейрулзафаран монастыры, «Мор Якуп» монастыры жана «Мор Димет» монастырын кыдырып тарыхка жол тартышууда.



Тектеш кабарлар