Түрк басма сөзү-7.12.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

863436
Түрк басма сөзү-7.12.2017

«Сабах» гезити «Эрдоган Иерусалим үчүн жапырт аракетти баштатты» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын АКШнын Иерусалимди Израилдин борбор шаары деп таануусуна каршы жапырт аракетти баштатканын жазган. Жакынкы Чыгыш тынчтык процессин үзгүлтүккө учурата турган кадамга каршы телефондогу дипломатиясын уланткан Эрдоган, Ислам Кызматташтык Уюмун 13-декабрда Стамбулда кезексиз жыйналышка чакырды.

«Ватан» гезити «Түркия Улуу Улуттук Межлисинен Иерусалим үчүн биргелешкен декларация» аттуу маалыматында Түркия Улуу Улуттук Межлисиндеги 4 саясий партия тең  АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалим темасындагы провокациялык чечимин четке какканын жарыялады. Түркия Улуу Улуттук Межлисинде фракциясы бар саясий партиялар, Жалпы кеңеште кабыл алынган биргелешкен билдирүү аркылуу АКШнын Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары таануу планын четке кагуу эрктүүлүгүн дүйнөлүк коомдук пикирге жарыялады.

«Йени шафак» гезити «Түркия Иерусалим үчүн аякта» аттуу маалыматында АКШнын Иерусалыимди баскынчы Израилдин борбор шаары катары таанлышы бүтүндөй Түркиянын тынчын алганын жазган. Бир топ облустарда нааразылык акциялары уланып жатат. Тарых бою мусулмандардын кызыл чийини болгон Иерусалим үчүн Түркиядагы бир топ шаарда адамдар, Иерусалимди коргош үчүн көчөлөргө чыкты.

«Хүррийет» гезити «Түркия жана Орусия макулдашты;3-келе жатат» деген маалыматында Түрк жана орус авиация секторунун жооптуу кызматкерлери, Москва-Анталья багытында жумасына 7 жолу каттамдарды жүргүзө турган үчүнчү авиакомпаниянын дайындалышы темасында макулдашкандарын баяндаган.  Учурда Москва-Анталья багытындагы түздөн-түз каттамдар, орусиялык авиакомпания Аэрофлот жана Түрк аба жолдору тарабынан жүргүзүлүүдө.

«Хабер түрк» гезити «Акылдуу макарон Японияга экспорттолууда» деген маалыматында 1998-жылы ишин баштаган, Коньяда макарон өндүргөн бир фирманын Түркиянын илимий жана технологиялык изилдөөлөр мекемесинин (ТҮБИТАК) колдоосу менен 3 жылга созулган эмгектерден кийин өнүктүргөн Е витаминдүү, фосфор жана белок жагынан бай макарон Япониядан баштап 10 өлкөгө экспорт жасап экономикага өз салымын кошуп жатканын маалымдаган.



Тектеш кабарлар