Түрк басма сөзү-23.11.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскаыа маалыматтар.

853804
Түрк басма сөзү-23.11.2017

«Хүррийет» гезити «ЙПГдан сырткары макулдашышты» аттуу маалыматында Түркия, Орусия жана Иран Сочиде «Сирияга чечүүчү жол табуу» үчүн үстөлгө олтурган саммитте Түркиянын «ЙПГ шарты» коюлганын жазган.  Президент Режеп Таййип Эрдоган:«Улуттук коопсуздугубузга кастык кылган террор уюму менен бир чатырдын астында болушубузду, бир платформада орун алышыбызды бизден эч ким күтпөсүн. Сириянын жеринин бүтүндүгүнө жана саясий биримдигине берилгендигибизди  айтып жатсак, канкор банданы мыйзамдуу актер катары карай албайбыз»,-деп айтты.

«Йени шафак» гезити «Чуулгандуу мезгилден өтүүдөбүз» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Стамбул конгресс борборунда ИКУнун экономикалык жана соодалык кызматташтык боюнча туруктуу комитетинин (ИСЕДАК) 33-жыйналышында сөз сүйлөп, Ислам дүйнөсү катары акыркы жылдарда абдан татаал процесстен, чуулгандуу мезгилден өткөнүн баса белгилегенин жазган.  Эрдоган: «Батыш өз тарыхында канчалык оорулуу элемент бар болсо, бардыгын Ислам дүйнөсүнө экспорттоп, келечегин кепилдикке алууга аракет кылууда. Ислам дүйнөсүнүн биримдигин, ынтымагын, байлыктарын, баарынан да маанилүүсү эркиндигин жок кылууга карай ыпылас сценарийлерди ишке ашырууда»,-деп айтты.

«Ватан» гезити «ПТТдан жергиликтүү дрон жүк ташыгыч» аттуу маалыматында ПТТнын башкаруу кеңешинин төрагасы Кенан Бозгейиктин дрон менен ташууга өтүш үчүн улуттук инженерлер менен жана университеттер менен иштешүүнү тандагандарын белгилегенин баяндаган.  Бозгейик сөздөрүн мындай улады: «2018-жылдын ичинде накталай түрдө дрон менен ташууну баштаган болобуз. Биз бул технологияны билебиз».

«Сабах» гезити «С-400дөрдүн тапшырлуу убагы белгилүү болду» деген кабарында улуттук коргоо министри Нуреттин Жаниклинин Орусиядан алынган С-400 ракеталык коргонуу системаларынын тапшырылуусу 2019-жылы ишке аша турганынын пландалганын маалымдады. Жаникли Түркия Улуу Улуттук Парламентинин план жана бюджет комиссиясында маалымат берди. Жаникли: «Орусия менен С-400 системаларынын өткөрүлүшү үчүн келишимге кол коюлду. Бири опция болгон эки С-400 системасы келишимдин алкагында алынат. Алгачкы С-400 системаларынын тапшырылышынын 2019-жылы аткарылышы пландалууда»,-деди.

«Стар» гезити «Бурхан Акбудак дүйнө чемпиону болду» деген маалыматында Польшада өткөн У23 Дүйнөлүк күрөш чемпионатында грек-рим стилинин финалында 80 кг салмакта күч сынашкан Бурхан Акбудак грузин атаандашы Лаша Гобадзени 2-1 эсебинде жеңип алып чемпион болгонун жазган.



Тектеш кабарлар