Түрк басма сөзү 28.09.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

815902
Түрк басма сөзү 28.09.2017

«Сабах» гезити «Анкарада тарыхый жыйын» деген макаласында Орусиянын президенти Владимир Путиндин бүгүн иш сапары менен Анкарага келээрин билдирген. Президент Режеп Тайип Эрдоган менен Путин Президенттиктин комплексинде эки тараптуу жолугушуулардан кийин делегациялар аралык жолугушууга жетекчилик кылышат. Эки лидер дүйнөлүк жана аймактык маселелер менен катар эки өлкөнүн карым-катнаштарын өнүктүрүү үчүн пикир алмашышат.

«Йени шафак» гезити «Аракан үчүн 100 миң кишилик лагер» деген маалыматында вице-премьер Режеп Акдагнын Бангладештеги аракандык мусулмандар жашаган баш калкалоочу лагерге барганын билдирген. Аракандыктар менен жолугушкан Акдаг, Түркиянын орто эсеп менен 100 миң кишилик баш калкалоочу лагер кура турганын билдирди. Түркия Бангладеште суу кудуктары менен көчүп жүрүүчү оорукана да ачат.

«Ватан» гезити «911 километрдик түрк сепили» аттуу макаласында Түркиянын террорго каршы күрөшүү, качкындар жана аткезчиликке каршы Сирия чек арасына тургузган дүйнөнүн эң узун 3чү дубалынын бүткөрүлгөнүн жазган. Дубалдын ортолорунда 300 метр сайын курулган мунаралар АСЕЛСАН тарабынан өндүрүлгөн курал-жарактар менен жабдылды. Дубалдын Түркия тарабына коопсуздук күчтөрүнүн күзөттө туруусу үчүн коопсуздук жолу да ачылды.

«Хүррийет» гезити «Газ үчүн сууда сүзүп жүрүүчү терминал келе жатат» деген маалыматында Энергетика жана жаратылыш байлыктары министрлиги Түркиянын газ коопсуздугун камсыздоо үчүн маанилүү долбоорду ишке ашырууга даярданып жатканын билдирген. Япон MOL компаниясы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде БОТАШ терминалды ижарага алуу келишимине кол койду. Сууда сүзүп жүрүүчү ири терминал ноябрь айында иштей баштайт.

«Стар» гезити «ХҮРКУШка реактивдүү жолдош» деген макаласында Түрк куралдуу күчтөрүн күчтөндүрүү фондунун өнөктөштөрүнөн ТУСАШ, фонддун 30 жылдыгында каалгасын жарандарга ачканын жазган. Иш-чарада келгендерге ишкананын жүргүзгөн долбоорлору туурасында маалыматтар берилип, даярдалган материалдар менен Жаңы муундагы башкы билим берүү учагы ХҮРКУШтун реактивдүү версиясы катары баштатылган «ХҮРЖЕТ» долбоорунун  дизайн концепциясы да көрсөтүлдү.



Тектеш кабарлар