Түрк басма сөзү 20.04.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

716996
Түрк басма сөзү 20.04.2017

«Ватан» гезити «Үкөктөн деспот чыкпайт» деген макаласында президент Режеп Тайип Эрдоган Түркиянын 1923-жылы Республиканы курушу менен режимди тандаганын, мындан кийин башка тандоосу болбой турганын айтканын жазган. Эрдоган: «Конституциялык өзгөртүү аркылуу ташталган кадам жалгыз гана жаңы башкаруу системасы болуп саналат»,- деди. Эл өзү тандап шайлай турган башчынын деспот боло албай турганын баса белгилеген Эрдоган: «Үкөктөн диктатор чыкпайт. Диктатор куралдуу төңкөрүш менен келет. 15-июль төңкөрүш аракети бул өлкөдө ишке ашканда, ошондо бул өлкөнү диктатор коркунучу каптамак бирок бул улут эрктүүлүгүн көрсөтүп төңкөрүштү жок кылды жана башчысын өз добушу менен алып келүүнү тандады»,- деп айтты.

«Йени шафак» гезити «Түркия чек аранын тышына операция жүргүзүү үчүн ишке киришти» деген маалыматында 16-апрель элдик добуш берүүдөн кийин Түркия чек аранын тышындагы террордук уюктарга кадалганын билдирген. «Евфрат калканы» кыймылынын уландысы боло турчу операциялар үчүн даярдыктар жүрүп жатат. Сирия менен Иракта ПККнын басып алуусундагы 3 аймакка жүргүзүлүшү пландалган кыймылдын даярдыктары аяктап калды.

«Стар» гезити «Германия менен ФЕТӨнүн байланышы» деген макаласында Европа өлкөлөрүнүн чоң бөлүгү Түркияга каршы террордук уюмдардын иш жүргүзүү аянтчасы болгонун жазган. Бул уюмдарга жашыруун же ачык түрдө колдоо көрсөтүлүп жатат. Германия болсо бул өлкөлөрдүн арасында алдыга чыгууда. Өзгөчө Фетуллахы террор уюму ФЕТӨ үчүн толугу менен база абалында. ФЕТӨ террордук жүзүн жашыруу үчүн немис коомчулугунун алдыңкы адамдарына диалог сыйлыктарын берип жатат.

Бул сыйлыктардын негизинде Германияда өзүнө жакын чөйрө жаратууда. Ушул аркылуу өлкөнүн чечүүчү жерлерине жетип, алдына чыккан бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуда.

«Сабах» гезити «Чет элдиктер Аланияда бактылуу» деген маалыматында Антальянын Алания районунда өткөрүлгөн Туризм жумалыгына карата иш-чараларга катышкан чет элдик түрк жарандары төрт тилде даярдашкан баннер аркылуу өздөрүн бактылуу жана коопсуз сезгендерин билдиришкенин жазган. Ал жерге отурукташып калган чет элдиктер Аланиянын кыялдардын шаары экенин жана районду экинчи мекени катары эсептегендерин бүткүл дүйнөгө көрсөтүштү. Азия менен Европанын ортосунда көпүрө болгон Түркия табигый жаратылышы, тарыхы, маданияты жана меймандостугу менен туристтер үчүн ыңгайлуу жер болуп саналат.

«Хабер түрк» гезити «ТРТнын рейтинг рекордсмени «Дирилиш Эртугрул» сериалы баалуу кагаздар рыногунда» деген маалыматында Стамбул Биржасы жаңы долбоорлор боюнча иштеп жатканын билдирген. Стамбул Биржасынын төрагасы Хикмет Карадаг: «Престиждүү долбоорлорду сатуу үчүн аракет кылып жатабыз. Ушул алкакта ТРТда көрсөтүлгөн «Дирилиш Эртугрул» менен катар бир канча сериал үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз»,- деди. Ошондой эле баалуу кагаздар рыногунда авто унааларды да сата тургандарын билдирди.



Тектеш кабарлар