Түрк басма сөзү-17.11.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

612809
Түрк басма сөзү-17.11.2016

«Сабах» гезити «Бизди лагерлерде немистер машыктырды» аттуу маалыматында Шырнактын коопсуздук директорлугу террор менен күрөшүү топтору тарабынан уюштурулган операция менен Чех Республикасынын атуулу болгон эки ЙПГ террористин кармап алганын маалымдаган. Террористтердин «Serxwebun Botan» каймана аттуу Мирослав Фаркас жана «Zelane Botan» каймана аттуу аял террорист Маркета Вселикова экенидиги белгиленди. Франциянын легион лагерлеринде жана немистердин атайын күчтөрүндө ЙПГнын катарларында салгылашуулары үчүн машыктырылгандарын моюнга алган террористтер, Сирияда француз легионерлеринен, немис атайын күчтөрүнөн жана Американын атайын бөлүктөрүнөн көп сандаган аскерлерди көргөндөрүн жана алар менен чогуу салгылашууга киргендерин айтышты.

«Йени шафак» гезити «Террористке Европа калканы» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын, «Батыш террорго баш калкалатууда» сөздөрү менен каршылык көрсөткөн Европа өлкөлөрүнүн террор менен күрөшүү күндөлүгүн Адилет министрлигинин Эл аралык укук жана тышкы байланыштар башкы директорлугунун 2007-2016-жылдарга таандык көрсөткүчтөрүн ортого салганын белгилеген. Көрсөткүчтөргө караганда Түркия 21 Европа өлкөсүнөн 399 террористтин кайтарылышын талап кылды. Көпчүлүгү ПККлык болгон ДХКП-Ж, ТКП/МЛ, Аль-Каида, Хизбуллах, Тев-Сел-Куд армиясы жана башка уюмдарга мүчө террористтерден жалгыз 11и гана кайтарылып берилди. Түркиянын 271 террорист тууралуу кайтарып берүү талабы болсо четке кагылды. Дагы эле 117 дело боюнча Түркиянын экстрадиция кылуу сүйлөшүүлөрү уланып жатат.

«Хүррийет» гезити «Коридордун аягы» аттуу маалыматында Сириянын Халеб шаарынын түндүгүндө Түркиянын чек арасынан болгону 30 чакырым алыстыкта орун алган стратегиялык мааниге ээ Эл Бабдын Түрк куралдуу күчтөрүнүн колдоосун алган Эркин Сирия армиясынын күчтөрүнүн текшерүүсүнө өтүшү боюнча акырына жетилгенин маалымдаган. «Евфрат калканы» кыймылынын 85-күнүнө байланыштуу Түрк куралдуу күчтөрүнөн жасалган маалыматтандырууга караганда Эркин Сирия армиясынын күчтөрү террор уюму ДЕАШтын колунда турган Эл Бабга болгон аралыкты түндүктө айрым аймактарда 1 чакырымга чейин кыскартты. Эркин Сирия армиясынын күчтөрү Эл Бабга жакын жердеги Каббасин жана Эл Куфайр айылдарын каратып алып террор уюму ПККнын уландысы ЙПГнын Эл Бабга баруучу жолун үздү жана ЙПГнын колундагы Африн жана Менбичти бириктирүү планына бөгөт койду.

«Хабер түрк» гезити «Террорго каршы чыгуу, Хабибе 5 кишиде жашайт» аттуу маалыматында террор уюму ПККнын Диярбакырда полициялык борборуна 4-ноябрда бомба жүктөлгөн унаа менен кол салуусунда оор жаракат алган жана реанимацияда жашоо үчүн күрөшкөн 17 жаштагы Хабибе Айдын, 11 күн жашай алганын баяндаган. Өзү иштеген текстиль ательесине барыш үчүн аялдамада күтүп турганда оор жаракат алган Хабибенин үй-бүлөсү, органдарын багыш кылды. Айдындын органдары; Анкара, Анталья, Малатия жана Диярбакырда беш кишиге трансплантация кылынат. Ошол эле кол салууда жаракат алган 8 айлык Мехмет Жан Эрингил, Дижле университетинин ооруканасында кечээ көз жумду. Хабибе Айдын жана Жан Эрингилдин өлүмү менен кол салууда каза болгондордун саны 13кө жетти.

«Стар» гезити «Иш дүйнөсү 3 миң жаш улан менен жолугат» деген макаласында келээрки муундарга дагы жакшы дүйнө калтыруу кыялы менен 2000-жылы курулган Young Guru Academy (YGA) 19-ноябрда «чогуу ийгиликке жетишүүнүн» күчү сүйлөшүлө турган жаңы Young Guru Academy (YGA) жыйналышын өткөрүүгө даярданып жатканын маалымдаган. Иш дүйнөсүнүн дөө-шаалары менен жаштар жолугуша турган эң маанилүү платформалардан бири болгон жана быйыл 15-өткөрүлө турган Young Guru Academy (YGA) жыйналышына 81 облустагы лицейлерден жана 170 башка университеттерден келген 50 миң кайрылуунын арасынан тандалган 3 миң окуучу катышат.



Тектеш кабарлар