Түрк басма сөзү-15.11.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

611170
Түрк басма сөзү-15.11.2016

«Сабах» гезити «ЕБне дагы 2 ай сабыр кылабыз, андан кийин элдик добушка барабыз» аттуу макаласында Президент Режеп Таййип Эрдогандын Европа Парламентинин төрагасы Мартин Шульцтун террор темасында мыйзамдык өзгөртүүнү киргизүүнү мажбурлоого аракеттенген Европага каршылык көрсөткөн Түркия менен сүйлөшүүлөрдү токтотуу жана санкция коркутууларына карата, «Жылдын акырына чейин сабыр кылалы, андан кийин улутка кайрылалы»,-дегенин берген. Террорго колдоо көрсөткөн батышка катуу каршы чыккан Эрдоган: «Террористтерге ар түрдүү колдоону көрсөтөсүз, андан кийин туруп алып Түркияга да «ЕБ менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн токтото алабыз» дейсиз. Кеч калдыңыздар, дароо чечимиңерди чыгарыңыздар. Эгемендик каттоосуз, шартсыз улуттуку эмеспи? Андай болсо акыркы чечимди улут чыгара турганына караганда улутка кайрылалы. Булар чынчыл эмес. Биз чынчыл болгондор менен жолубузду уланабыз»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Европа Биримдиги кетенчиктеди, сүйлөшүү уланат» аттуу маалыматында ЕБнин тышкы иштер министрлери Брюсселде Түркиянын ЕБне мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн талкуулашкандарын жазган. Австрия мүчөлүктү колдогон пикирин айтапаса да, Англиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон, Түркиянын стратегиялык мааниге ээ экендигин белгилеп: «Түркияны бир бурчка таштап койбошубуз керек. Болуп жаткандарга карата орток кызыкчылыктарыбызга терс түшүүчү апыртмалуу каршылык көрсөтпөшүбүз керек»,-деп айтты. ЕБнин күчтүү мүчөлөрү Германия жана Франциянын министрлери да сүйлөшүүлөрдүн токтотулушу ушул тапта пайдадан көп зыян алып келе турганы көз карашын билдиришти.

«Йени шафак» гезити «Шырнак террордон тазаланды, эл үйлөрүнө кайтып жатышат» деген маалыматында террор уюму ПКК бала, аял, кары-жаш дебестен кыргынга учураткан, үйлөрүн өрттөгөн, мектептерин бомбалаган Шырнак калкы, коопсуздук күчтөрүнүн аймакты террордон тазалоосунан кийин үйлөрүнө кайта баштаганын жазган. Коопсуздук күчтөрүнө урмат-сыйлуу мамиле кылган шырнактыктар, шаардын кире беришине узун унаа кезегин түзүштү. Үйлөрүнө кайтып келгендер ПКК террористтеринин үйлөрүн кыйратып кеткенин көргөндө террор уюмуна катуу каршылылк көрсөтүшүүдө. Мамлекет, террордон тазаланган аймактын кайрадан өнүгүүсү үчүн ар түрдүү колдоону көрсөтөт.

«Ватан» гезити «Евразия тоннелинин ачылышына саналуу күндөр калды» аттуу маалыматында Түркиянын эң чоң долбоорлорунун арасында орун алган, Стамбулдун эки жээгин Мармарайдан кийин экинчи ирет деңиздин астынан туташтырган Евразия түтүк тоннели 20-декабрда тейлөөгө киргизилээрин жазган. Мармарайдан айырмаланып эки материкти кургактыктан туташтырган долбоор аркылуу, 100 мүнөткө созулган Казлычешме-Гөзтепе арасында жол тартуу 15 мүнөткө түшөт. Долбоордун жалпы инвестиция наркы 1 миллиард 245 миллион доллар болду. Күнүгө эң аз 100 миң унаа өтүшү пландалган долбоор эки кабаттуу түрдө салынды. Евразия тоннели өткөн жылы Эл аралык тоннель жана жер астындагы курулуштар биримдиги тарабынан «Жылдын эң мыкты долбоору» деген сыйлыкка ылайык көрүлгөн.

«Стар» гезити «ТРТнын сериалы «Дирилиш;Эртугрул» жылдын эң мыкты сериалы болуп тандалып, Алтын Көпөлөк сыйлыгына ылайык көрүлгөнүн баяндаган. Сериалдын продюсери жана сценаристи Мехмет Боздаг, инстаграм эсебинен сезимдерин бөлүштү. Боздаг анда, «Урматтуу көрүүчүлөрүбүз; 43-Пантене Алтын көпөлөк сыйлыктарына Дирилиш Эртугрул сериалы, көрүүчүлөрдүн добуштары менен башка бардык сыйлык аземдеринде болгону сыяктуу жылдын эң мыкты сериалы сыйлыгын акылуу түрдө алды. Эфирге чыккан 3 сезон жана 65 жумадан бери бардык рейтинг топторунда биринчиликти алган жана рейтинг рекорддоруна жетишкен, Түркия менен бирге 30дан ашуун өлкөдө эфирге берилген «Дирилиш; Эртугрул» сериалы маңдай тери менен жана сиз урматтуу көрүүчүлөрүбүздүн добуштары менен акылуу түрдө дагы бир сыйлык алды»,-деп жазды.



Тектеш кабарлар