Түрк басма сөзү-29.09.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

579770
Түрк басма сөзү-29.09.2016

«Хүррийет» гезити  «Бештепеге 5 миллион томдук китепкана салынат» аттуу маалыматында ичинде 5 миллион том китеп орун ала турган Президенттик китепканасы үчүн алгачкы пайдубал түптөлгөнүн маалымдаган.Дүйнөнүн экинчи, Түркиянын эң чоң китепканасы боло турган имарат, Президенттик Сарайынын элге ачык үчүнчү имараты болот. Президенттик менен Бештепе улут маданият жана конгресс борборунун Осмон-Селчук ыкмасындагы архитектуралык концепсиясына ылайыктуу түрдө курула турган китепкананын 2017-жылдын акырында ишке кириши пландалып жатат. Китепкана үчүн өлкө ичинен жана өлкө тышынан жаңы чыгарма сатып алуулар уланат.

«Ватан» гезити «Баку-Тбилиси-Карста сыноо айдоосу башталат» аттуу маалыматында Карстын областтык акими Рахми Доган Баку-Тбилиси-Карс темир жолу бүткөнү калганын жана жылдын акырында сыноо айдоолору баштала турганын айтканын баяндаган. Поезд жолунда иштер ылдам уланып жатканын белгилеген областтык аким Доган: «Тарыхый Жибек жолу, бул эмгектер менен байыркы жандуулугуна жетет. Баку-Тбилиси-Карс темир жолунун эң маанилүү өзгөчөлүгү, Кытайдан Европага бара турган бардык товарлардын ушул багыт аркылуу ташыла турган болушу»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Катышуунун да борбору болобуз» деген кабарында Стамбулдун глобалдык финансы борборуна айланыдырылуу жолунда маанилүү баскычтардан бирин да катышуу банкчылыгы түзөөрүнө орун берген. Өткөн июнь айында 1 миллиард доллардык Сукук экспорту менен катышуу банкчылыгы темасындагы чечкиндүүлүгүнүн ортого салган Түркия, кечээ катышуу банкчылыгынын улуктарын Стамбулда тосуп алды. Биржа Стамбулдагы форумда катышуу банкчылыгынын 2023-жылга карай өсүү максаттарына жетүүсүндөгү ррлу талкууланды. Катышуу банкчылыгындагы иш-чараларын ылдамдаткан Түркиянын кыймылдуу базар экенине көңүл бурулду. Форумга эл аралык инвесторлор чоң кызыгуу көрсөтүштү.

«Сабах» гезити «Түркиянын жогорулап бараткан тренди бар» аттуу маалыматында Түркияга 100 миңден ашуун кассалык жана POS түзмөктөрдү камсыздаган Ingenico Group Asya Pasifik жана Жакынкы Чыгыш аймагынын башчысы Патрис Лe Марр, Түркиядагы өнүгүүлөрдү абдан кылдат байкап жаткандарын айтканын баяндаган. Түркиянын аймагында жана дүйнөдө жогорулап бараткан тренди менен көзгө урунганын белгилеген Марр, финансылык эс тутуму бар аппараттар менен сунуштаган тейлөөлөрүндө чоң өсүү болгонун баса белгиледи.

«Хабер түрк» гезити «Японияда осмондук тыйыны табылды» аттуу маалыматында Япониянын түүтүгүндөгү Окинова аралындагы Катсурен чебинин урандыларында жасалган казууларда б.з.ч. 4-кылымдан калган Византия императору 1-Константиндин герби орун алган 4 жез тыйын табылганын маалымдаган. Ошол эле казууда 17-кылымдан калган Осмондук герби 6 метал тыйын да чыгарылды. Япониялык илимпоздор тыйын акчалардын байыркы убакта Японияга кантип жеткенин талкуулап жатышат. Катсурен чеби Япония менен Кытайдын соодасынын маанилүү бурулуш жерлеринен бири эле. Бирок Окинава аралында аты аталган убактарда Европа менен соода кылынганы жөнүндө каттоолор жок.



Тектеш кабарлар