Түрк басма сөзү-27.09.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

578116
Түрк басма сөзү-27.09.2016

«Йени шафак» гезити «ПКК-ДЕАШ карым-катнашы белгилүү болду» аттуу маалыматында террордук уюмдар ДЕАШ менен ПКК/ПЙДнын ортосунда карым-катнаш бар экени белгилүү болгонун жазган. Сириянын Ракка шаарына жакын жердеги Сулук районунда ЙПГ менен ДЕАШ,  туткун айырбаштоо кылышты. Ал эмес мындай айырбаштоо алгачкы жолу болгон жок. ПЙД-ПКК-ДЕАШтын ортосунда акыркы 1 жыдан бери 7 жолу туткун айырбашталды. «Йени Шафак» гезити мындан мурда ФЕТӨ менен ДЕАШтын ортосундагы карым-катнашты көз алдыга жайып берген. ФЕТӨнүн Халепчедеги бир мектебинин директору Угур Пехливаноглунун ДЕАШтын ичинде бир бригада курганын коомдук пикир менен бөлүшкөн.

«Сабах» гезити «Түркия шейиттерин унутпайт» аттуу макаласында ФЕТӨгө мүчө чыккынчылардын 15-июлдагы төңкөрүш аракетине көкүрөгүн тосуп «тур» деп токтоткон шейиттер, Стамбул жана Антальядагы концерт жана иш-чараларда эскерилгенин баяндаган. Эл аралык 17-Анталья пианино фестивалынын экинчи концертинде «пианино фламинго» дегенде эске түшкөн Маноло Карраско сахнага чыкты. Мурдагы кечте ЕХПО-2016 Анталья конгресс борборундагы концертинде чоң бурулуш жасап, пианиносун таштап коюп сахнанын алды жагына келип «Кезектеги чыгарманы Түркияда демократия үчүн жанын берген адамдарга арнаймын»,-деди жана «Мамлекетим» аттуу чыгарманы чертти. Каррасконун күтүлбөгөн мамилесинен сезимдери ойгонгон музыка сүйүүчүлөр чебердин урматына  көпкө чейин орундарынан туруп кол чабышты.

«Хүррийет» гезити «Мудиске карабай талап күчөдү» аттуу маалыматында 21-сентябрда жасаган баа берүүсүндө «Түркиянын экономикасы төңкөрүш аракетинин таасиринен ашып өттү»,-деп, 23-сентярдан 24-сентярга оогон түндө буйрук боюнча Түркиянын насыя рейтинг баасын «инвестиция салынса болот» деген деңгээлден ылдый түшүргөн Мудиске базарлардан муштумдай жооптор келип жатканын маалымдаган. Мудистин Түркияга карата жараткысы келген терс түшүнүк операциясына карабастан, Казына аткарган үч тендерге орто эсеп менен 4 эсе көп талап келсе, пайыз да күтүлгөндөн төмөн болду. Вице-премьер Мехмет Шимшек да твиттерден «Насыя рейтинг баасындагы төмөндөөгө карабастан Казына тендерлерине күчтүү талап келди жана пайыздар күтүлгөндөрдөн төмөн»,-деди.

«Стар» гезити «Евразия кайык көргөзмөсү башталды» деген маалыматында Түркияда деңизчилик секторунун эң чоң иш-чарасы болгон «CNR Avrasya Boat Show 2016» эл аралык деңиз унаалары, шаймандары жана аппараттары жарманкеси кургактыктагы ийгилигин деңизге ташып бара турганын жазган. Быйыл алгач ирет деңизде өткөрүлгөн жарманке, каалгаларын кечээ VİP ачылыш менен жасады. Жарманке бүгүн да каалгаларын элге ачыты. 2016-жылдын мега яхта, яхта, кайык, парустары менен катар секторго байланыштуу бардык шайман жана аппараттар жарманкеде витринге коюлат. Иш-чарага 300дөн ашуун марка катышууда. Жарманкеге 35 миң киши келиши күтүлүүдө.

«Хабер түрк» гезити  «Түрк футболсисттер Европада акчалуу» аттуу маалыматында Европанын алдыңкы лигаларында ойногон түрк футболчулар бул жумадагы ийгиликтер  менен алдыга чыкканын жазган. Англиянын клубу Манчестер Ситинин Нидерландиянын Твенти кулубуна берген Энес Үнал ийгиликтүү  оюнунун 7-жумада да көрсөтө алды. Твентинин Весселди 2-1 эсебинде уткан беттешүүсүндө бир гол киргизген 19 жаштагы оюнчу 5 беттешүүдө 6 гол киргизип көздүн жоосун алды. Франциянын Метз командасында ойногон Мевлүт Эрдинч 7-оюнунда 6-голун киргизди. Барселонада ойнгон Арда Туран менен Майнз-05те ойнгон Юнус Маллы жуманы бирден гол кигизип бүтүрүштү.



Тектеш кабарлар