Түрк басма сөзү-18.01.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

435360
Түрк басма сөзү-18.01.2016

«Йени шафак» гезити «Көп улуттуу террор:28 шейит, 61 жаралуу» аттуу маалыматында террор канкор жүзүн кечээ дагы бир жолу көрсөткөнүн белгилеген. Гезит мыкаачылар борбор шаар Анкарада Башкы штаб жана Кургактык күчтөрү командирлиги сыяктуу мекемелер орун алган аймакта аскердик кызматтык унааларына бомба жүктөлгөн унаа менен кол салуу болгонун маалымдаган. Кеминде 28 киши каза таап, 61 киши жаракат алды. Анкарада болгон жарылуудан кийин окуя болгон жерди иликтеген адистер жарылууда каза болгон террористтин денесинин үзүндүлөрүнөн жана бармак изинен өздүгүн таап чыгышты. Кол салууну кылган сирия тектүү Салих Нежар экени такталды.

«Стар» гезити «Таш ыргытпай, топ ойно» аттуу маалыматында террор калтырган жаралардын тактары социалдык колдоо менен жоюлганга аракет кылынып жатат. Силопи, Жизре жана Диярбакыр Сурда үйлөрү зыянга учурагандар менен катар соодагерлердин да тарткан зыяндарынын орду толтурулуп жатат. Социалдык колдоолор менен террордун изи толугу менен жоюлат. Балдар, жаштар жана аялдар баштаган Түтүк Чыгыш Анадолу аймагындагы бардык шаарларда кеңири проекттер актарылууда. Ар түрдүү спорт жана маданий иш-чаралар менен камсыздалышы максатталууда. Социалдык проекттер үчүн 247 миллион лиралык каражат бөлүндү.

«Ватан» гезити «Кана эми айылыбызга кайталы» деген маалыматында Азык-түлүк, талаа жана мал чарба министрлиги «Кана эми айылыбызга кайталы» аттуу долбоорун ишке ашыра турганын маалымдаган. Гезит Азык-түлүк, талаа жана мал чарба министри Фарук Челик, Түркияда элет жерден шаарга көчүү болгонун бирок артка кайтуулары үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү керектигин белгилеп, «Элет жерлерде мал чарбачылыгынын жайылтылышы үчүн «Кана эми айылыбызга кайталы» деген мезгилди баштоодобуз»-дегенин жазган.

«Сабах» гезитинде жарык көргөн «Абийир тереги» аттуу кинотасма байма бай сыйлык алууда» деген маалыматта «Абийир тереги» эл аралык Лион кино фестивалында дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүнөн расмий тандоого алынган 12 чыгарманын арасында Эң мыкты кино тасма болуп тандалганы орун алды. Олгун Өздемир жазып башкарган кинотасманын башкы ролдорун Шерафеттин Кая жана Тургай Танүлкү акарышты. Кино тасма Айдындын Кушадасы районунда тартылды. Кушадасынын Киразлы айылында өткөн окуя, көп жыл мурда бир эле аялга ашык болгон чыга эки эркек бир туугандардын өтмүштөрүн түшүндүрөт.

«Хүррийет» гезити «Нур жана түс» шаң-шапаты башталды» деген маалыматында Сабанжы музейинин жаңы көргөзмөсү «МАСК. Жалгыз нур жана түс» бүгүн көрүүчүлөрүнө каалгаларын ачканын белгилеген. Көргөзмөдө немис модернизминин алдыңкы кишилеринен Хайнц Мактын 60 жылдык узун жана чыгармачыл карьерасы бою өндүрүп чыккан 100дөн көп чыгармасы орун алат.



Тектеш кабарлар