Украина менен Польша EURO-2024тө...
Эки команда Европа чемпиондугуна жолдомо алышты.
2120852
Польша менен Украина, футбол боюнча Европа чемпиондугуна (EURO 2024) жолдомо алышты.
Плей-офф турунун финалынан кийин Украина менен Польша 14-июндан 14-июлга чейин Германияда өтө турган чемпионатка катышуу укугуна ээ болушту.
А тайпасындагы финалда Польша, атаандаштын талаасында Уэльсти кадимки убакыт жана кошумча убакытта 0-0 эсебинде аяктаган беттеште пенальтиден 5-4 эсебинде утуп алды жана Европа футбол чемпионатында Нидерландия, Австрия, Францияны камтыган D тайпасында ойнойт.
Б тайпасындагы финалда Украина өз тааласында Исландияны 2-1 эсебинде жеңип, чемпионатта Е тайпасында Бельгия, Словакия жана Румыния менен күч сынашуу укугуна ээ болду.