Түркиянын А улуттук курама командасы Австрия менен беттешет

Оюн Түркия убактысы боюнча саат 22.45те башталат.

2120176
Түркиянын А улуттук курама командасы Австрия менен беттешет

Түркиянын А улуттук курама командасы Австрия менен беттешет...

2024-жылкы Европа футбол чемпионатына даярдыктарын уланткан А улуттук команда бүгүн атаандаштын талаасында Австрия менен атайын беттеште ойнойт.

Борбор калаа Венадагы Эрнст Хаппел стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы боюнча саат 22.45те башталат.

Беттеш ТРТ Спор каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

Оюнду Италиянын футбол федерациясынан калыс Даниэле Чиффи башкарат.

Улуттук курама үч күн мурда өткөргөн жолдоштук беттешүүдө Венгрияга 1-0 эсебинде утулуп калган.

Австрия болсо эки күн мурун ойногон атайын оюнда Словакияны атаандаштын талаасында 2:0 эсебинде утуп алган.



Тектеш кабарлар