Фенербахче бүгүн чейрек финал үчүн беттешет

Үлкер стадионунда ойноло турган беттеш Түркия убактысы боюнча саат 20.45те башталат.

2115314
Фенербахче бүгүн чейрек финал үчүн беттешет

Фенербахче чейрек финал үчүн талаада...

Өкүлүбүз Фенербахче УЕФА Европа Конференция лигасынын акыркы 16 командасы ойногон турунун реваншында бүгүн конокто биринчи беттешинде 3-0 эсебинде жеңген Бельгиянын Юнион Сен-Жиллуаз командасын тосуп алат.

Үлкер стадионунда ойноло турган беттеш Түркия убактысы боюнча саат 20.45те башталат.

Беттешти Черногориянын Футбол федерациясынан калыс Никола Дабанович башкарат.

Фенербахчеде 3 ысым ойной албайт.

Жабыркаган Чаглар Сөйүнчү менен Жошуа Кингден тышкары Бельгиядагы беттеште сары карточка алып оюндан четтетилген Раде Крунич да командасын жалгыз калтырат.

Жаракатынан айыгып кеткен Бекао командага кошулушу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар