Арда Гүлер ЛаЛигада биринчи жолу беттешке чыкты

Улуттук футболчу буга чейин Испания Королунун Кубогунда жана Суперкубоктун бирден беттешинде ойногон.

2094350
Арда Гүлер ЛаЛигада биринчи жолу беттешке чыкты

Испаниянын 1-Футбол лигасында (ЛаЛига) Реал Мадридде ойногон улуттук оюнчу Арда Гүлер лигада биринчи жолу беттешке чыкты.

ЛаЛиганын 22-жумасында Реал Мадрид Лас Пальмастын коногу болгон беттеште үй ээлери 53-мүнөттө Хави Муноздун голу менен 1-0 алдыга чыкты.

Реал Мадрид 65-мүнөттө Винисиус Жуниордун голу менен эсепти теңесе, 84-мүнөттө Аурельен Тчуаменинин голу менен 2-1 эсебинде жеңишке жетишти.

Оюндун 81-мүнөтүндө Родригонун ордуна кирген Арда Гүлер Реал Мадрид үчүн биринчи лига матчын өткөрдү.

Улуттук футболчу буга чейин Испания Королунун Кубогунда жана Суперкубоктун бирден беттешинде ойногон.

Испаниялык клуб жасаган видео бөлүшүүдө, Арда Гүлер: «Мен ЛаЛигада алгачкы оюнга чыкканыма жана жеңишке жеткенибизге абдан кубанычтамын. Алдыда дагы көп нерселер болот»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар