А Улуттук футбол курама командасы Уэльсте...

Беттеш ТРТ 1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

2066200
А Улуттук футбол курама командасы Уэльсте...

Түркиянын А Улуттук футбол курама командасы Уэльсте...

УЕФА 2024 Европа футбол чемпионатынын тандоолорунун D тайпасынын сегизинчи жана акыркы оюнунда эртең атаандаштын талаасында Уэльс менен беттеше турган Улуттук курама Кардиффке жетти.

Машыктыруучу Винченцо Монтелла жана талапкер команданын бир футболчусу, матч ойноло турган Кардифф Сити стадионунда бүгүн саат 20.45те маалымат жыйынын өткөрөт.

Акыркы беттештерден мурда EURO 2024кө катышуу укугуна ээ болгон А Улуттук футбол курама командасы Уэльсте утулбаса тайпа лидери катары Германиядагы турнирге катышат.

Түркия 16 упай менен лидер абалында. Өз талаасында Арменияны тосуп алган Хорватия болсо 13 упай менен экинчи орунда.

Уэльс да 11 упай менен 3-орунду ээледи.

Уэльс-Түркия беттеши эртең Түркия убактысы боюнча саат 22.45те башталат.

Беттеш ТРТ 1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар