Инжи Эже Өзтүрктөн алтын медаль...

Бул тууралуу Түркиянын Бочче боулинг жана дарт федерациясынын билдирүүсүндө маалымат орун алды.

2063405
Инжи Эже Өзтүрктөн алтын медаль...

Улуттук спортчу Инжи Эже Өзтүрк Францияда өткөрүлгөн Бочче боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болду.

Түркиянын Бочче боулинг жана дарт федерациясынын билдирүүсүнө караганда, Румилли шаарында өткөрүлгөн чемпионаттын акыркы финалында Инжи Эже Өзтүрк словениялык атаандашын тепкич дисциплинасында жеңип алтын медалга ээ болду.

Чемпионатта кыз-келиндер арасында жуптарда Эмине Дурсун-Айшенур Барыш күмүш, кыз-келиндер арасында Букет Өзтүрк күмүш медалга ээ болду.

Аралаш жуптар чемпионатында Мехмет Жан Якин менен Инжи Эже Өзтүрк күмүш медалга ээ болушту.

Чемпионатта Түркия 1 алтын жана 3 күмүш медаль менен жалпы эсепте Хорватиядан кийин экинчи орунга чыкты.



Тектеш кабарлар