Анадолу Эфес Жальгиристи жеңди...
THY Европа Лигасынын матчтары уланууда.
Анадолу Эфес өз талаасындагы оюнда Жальгиристи кошумча убакытта жеңди...
Түркиянын өкүлү Анадолу Эфес THY Европа Лигасынын жетинчи жумасында негизги убактысы 74-74 эсебинде тең аяктаган матчта Литванын Жальгирис командасын кошумча убакытта 86-82 эсебинде утуп алды.
Биринчи таймды Жальгирис 14-13 эсебинде алдыда аяктады.
Экинчи таймда эффективдүү ойногон Анадолу Эфес кийим алмаштыруучу жайга 38-26 эсебинде алдыда кирди.
Эрдем Жандын спортчулары үчүнчү чейректи да 51-46 эсебинде аяктады.
Акыркы чейректеги эсеп 74-74 тең болуп, беттеш кошумча убакытка чейин уланды.
Анадолу Эфес кошумча убакытта оюнга басым жасады жана атаандашын 86-82 эсебинде утуп бул сезондо 3-жеңишине жетишти.
Анадолу Эфестен Уилл Клайберн 20 упай, 7 топ жана 2 ассист менен маанилүү роль ойноду.