Жабеур байгесинин бир бөлүгүн палестиналыктарга берет...
Тунистик теннисчи: «Күн сайын балдардын жана ымыркайлардын өлүп жатканын көрүү абдан кыйын жана жүрөк сыздатат. Байгемдин бир бөлүгүн палестиналыктарга жардам берүү үчүн берүүнү чечтим»,-деди.
Жабеур, WTA финалдык байгесинин бир бөлүгүн палестиналыктарга берет.
Аялдар теннис биримдиги тарабынан уюштурулган WTA финалында мелдешкен тунистик теннисчи Онс Жабеур, Израилдин Газага кол салууларынан улам иш-чарада ала турган байгесинин бир бөлүгүн палестиналыктарга берерин жарыялады.
Кечээки WTA финалындагы беттешинен кийин көз жашын тыя албаган Жабеур, иш-чарада ала турган байгесинин бир бөлүгүн палестиналыктарга берерин айтты.
Тунистик теннисчи: «Күн сайын балдардын жана ымыркайлардын өлүп жатканын көрүү абдан кыйын жана жүрөк сыздатат. Байгемдин бир бөлүгүн палестиналыктарга жардам берүү үчүн берүүнү чечтим»,-деди.
Аялдар арасындагы теннисте дүйнөнүн 7-номери 29 жаштагы Жабеур: «Күн сайын видеолорду көрүп ызаланып жатам. Бул жерде саясий билдирүүм жок, бул жөн гана адамдык реакция»,-деп сереп салды.