Винисиус Жуниордун келишими узартылды
Реал Мадрид Винисиус Жуниор менен келишимин 2027 - жылга чейин узартты.
2058936
Реал Мадрид Винисиус Жуниор менен келишимин 2027 - жылга чейин узартты.
Испаниянын Реал Мадрид клубу бразилиялык чабуулчу Винисиус Жуниордун 2024 - жылдын июнь айында бүтүшү керек болгон келишими 2027 - жылдын 30 - июнуна чейин узартылганын жарыялады.
Винисиус Реал Мадрид үчүн алты сезондо жалпысынан 235 матчта ойноп, 63 гол киргизип, команда утуп алган 9 кубокто маанилүү үлүшкө ээ болгон.
Испания басылмалары Реал Мадриддин Винисиустун эркиндикке чыгуу акысын 1 миллиард евро деп белгилегенин жана бразилиялык футболчунун командада эң көп киреше тапкан ысым болорун жазды.
Винисиус Жунио эки күн мурун "Алтын топ 2023тө" "Сократ сыйлыгын" алды.