"2023 Ballon d'Or" Лионель Мессиники...

Сыйлык Франциянын борбор шаары Париждеги Шателет театрында өткөрүлгөн аземде ээсин тапты.

2058048
"2023 Ballon d'Or" Лионель Мессиники...
Didier Drogba  Sandy Heribert.JPG
Jude Bellingham.JPG
Aitana Bonmati.JPG
Erling Haaland.JPG

"Алтын топ 2023" Лионель Мессиге...

Аргентиналык футболчу Лионель Месси жылдын мыкты футболчусуна берилген "Алтын топ" сыйлыгын алды.

France Football журналы тарабынан 1956-жылдан бери таратылып келе жаткан сыйлык Франциянын борбор шаары Париждеги Шателет театрында өткөрүлгөн аземде ээсин тапты.

Аземдин алып баруучулары Сэнди Хериберт жана Дидье Дрогба болушту.

Катарда өткөрүлгөн ФИФА 2022 Дүйнөлүк Кубогунда Аргентина Улуттук курама командасы менен чемпиондукка жетишкен 36 жаштагы Месси бул сыйлыкты карьерасында 8-ирет жеңип алды.

Добуш берүүдө норвегиялык Эрлинг Хааланд 2-орунду, француз Килиан Мбаппе 3-орунду ээледи.

Испания курама командасынын жана Барселонанын жылдызы Айтана Бонмати мыкты аял футболчу наамына татыктуу деп табылды.

Жылдын чабуулчусуна берилген Герд Мюллер сыйлыгынын ээси Манчестер Ситидеги оюну менен норвегиялык Эрлинг Хааланд болду.

Жылдын мыкты клубу сыйлыгы эркектер категориясында Манчестер Ситиге, аялдар категориясында өткөн сезондо Испания Лигасын жана УЕФА Аялдар Чемпиондор Лигасын жеңген Барселонага ыйгарылды.

Реал Мадриддин англиялык жылдызы Жуд Беллингем сезондун 21 жашка чейинки мыкты оюнчусуна берилген Копа Кубогун, ал эми жылдын мыкты дарбазачысына берилген Лев Яшин сыйлыгын Астон Вилланын аргентиналык дарбазачысы Эмилиано Мартинес жеңип алды.



Тектеш кабарлар