Калыстар белгилүү болду...

УЕФА Европа Конференция Лигасындагы беттештер.

2055511
Калыстар белгилүү болду...

Фенербахче менен Бешикташтын УЕФА Европа Конференция Лигасындагы беттештерин башкара турган калыстар белгилүү болду.

Фенербахче эртең Түркия убактысы боюнча саат 19.45те Лудогорец менен ойнойт.

Үлкер стадионунда өтө турган бул беттешти испаниялык калыс Гильермо Куадра башкарат.

Ал эми Бешикташка сербиялык калыс...

УЕФА Европа Конференция Лигасынын D тайпасынын үчүнчү матчында Бешикташ эртең Түркия убактысы боюнча саат 22.00де атаандаштын талаасында Норвегиянын өкүлү Бодо-Глимт менен беттешет.

Aspmyra стадионунда ойноло турган бул оюнду сербиялык калыс Ненад Минакович тейлейт.



Тектеш кабарлар