Галатасарайдын коногу Бавария Мюнхен...

RAM Parkта өтө турган беттеш Түркия убактысы боюнча саат 19.45те башталат.

2054829
Галатасарайдын коногу Бавария Мюнхен...

Галатасарай УЕФА Чемпиондор Лигасынын А тайпасынын үчүнчү жумадагы оюнунда бүгүн Германиянын Бавария Мюнхен командасын тосуп алат.

RAM Parkта өтө турган беттеш Түркия убактысы боюнча саат 19.45те башталат.

Беттешти италиялык калыс Давиде Масса башкарат.

Галатасарай тайпадагы биринчи оюнунда Даниянын өкүлү Копенгаген менен Стамбулда 2-2 эсебинде тең чыкса, экинчи беттешинде Англиянын Манчестер Юнайтед командасын 3-2 эсебинде жеңди.

Сары-кызыл команда 4 упай менен тайпада экинчи орунда.

Бавария Мюнхен болсо биринчи оюнда Манчестер Юнайтедди өз талаасында 4-3 эсебинде, экинчи оюнда атаандаштын талаасында Копенгагенди 2-1 эсебинде жеңди.

Германиянын курамасы 6 упай менен тайпанын сап башында.

Бавария Мюнхен Европа кубокторунда түрк командалары менен эч бир беттешүүдө жеңилген эмес.



Тектеш кабарлар