Надаль Жоковичти мактады
Надаль акыркы жолу АКШ Ачык чемпионатын жеңгенден кийин тарыхта эң көп Чоң шлем чемпиондугуна ээ болгон теннисчи рекордун (24) жаңырткан Жоковичтен мактоо менен сөз кылды.
Карьерасында 22 чоң шлем титулуна ээ болгон жана алган жаракатынан улам жыл башынан бери кортко чыга элек испаниялык Рафаэль Надаль эң мыкты теннисчи катары эзелки атаандаштарынын бири серб Новак Жоковичти тарыхтын эң мыкты теннисчиси катары көргөндүгүн айтты.
Испания басма сөзүнө маалымат берген 37 жаштагы Надаль акыркы жолу АКШ Ачык чемпионатын жеңгенден кийин тарыхта эң көп чоң шлем чемпиондугуна ээ болгон теннисчи рекордун (24) жаңырткан Жоковичтен мактоо менен сөз кылды.
Бул жылы Уимблдонду жеңиш менен мекендеши 20 жаштагы Карлос Алкарастын оюнун абдан жактырганын белгилеген Надаль: "Ал көпкө чейин дүйнөнүн 1 номери бойдон калды. Абдан жаш болсо да, менимче жалгыз Жоковичтин атаандашы боло турган бир гана теннисчи - Алкарас",- деди.