Түркиялык волейболчулардын ийгилиги
Түркиянын курамасы жума күнү саат 10:00дө В тайпасындагы 5-матчында Бразилия менен беттешет.
Түркиянын волейбол боюнча А улуттук кыздар командасы Пуэрто-Рико, Болгария жана Перудан кийин Аргентинаны да утуп алды...
Ушундайча улуттук курама 2024-жылкы Париж Олимпиада оюндарынын тандоо турунда 4 оюнду тең жеңди.
Ай жылдыздуулар биринчи сетти 25-16 эсебинде алдыда бүтүрдү.
Экинчи сетти 25-22 эсебинде уткан Аргентина, эсепти 1-1ге теңеди.
Улуттук команда 3-сетти 25-15 эсебинде жеңди.
4-сетте жакшы оюнун уланткан Улуттук курама сетти 25-15 жана беттешти 3-1 эсебинде утуп алды.
Улуттук курамада Варгас 17, Эбрар Каракурт 16 сан менен жеңишке салым кошту.
Тордун султандары Париж 2024 жолунда 4 жолу жеңишке жетишип чоң артыкчылыкка ээ болушту.
Түркиянын курамасы жума күнү саат 10:00дө В тайпасындагы 5-матчында Бразилия менен беттешет.
Токиодогу беттеш ТРТ Спор каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.