Түркиянын командасы үч оюнду тең жеңди
Волейбол боюнча А улуттук кыздар командасы эртең төртүнчү беттешинде Аргентина менен ойнойт.
Түркиянын кыз-келиндерден куралган волейбол боюнча А улуттук командасы 2024 Париж Олимпиада оюндарынын тандоолорунун В тайпасындагы үчүнчү беттешинде Перуну 3-1 эсебинде утуп алды.
Япониянын борбор шаары Токиодогу Йойоги Спорт залында ойнолгон беттеште биринчи сетти эффективдүү ойногон Түркия бул бөлүктө 25-18 эсебинде жеңишке жетсе, акыркы бөлүктө Перу экинчи сетти 27-25 эсебинде утту жана эсепти 1:1ге жеткирди.
Үчүнчү сетте дагы эффективдүү оюн көрсөткөн улуттук команда үстөмдүк кылган оюнун улантып, атаандашынан 8 упай менен 25-17ге ашып, 2-1 эсебинде алдыга чыкты.
Перу төртүнчү сетти жакшы баштап 7-4 эсебинде алдыга чыкты, бирок андан кийин ай жылдыздуулар эсепти 10-10 теңдештирди.
Чоң атаандаштык болгон сеттин акыркы бөлүгүнө да 23-23 эсебинде тең чыгуу менен кирилди.
Калган бөлүгүндө эки команда тең упай алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна карабастан Түркия акыркы сетти 29-27 жана Варгастын упайлары менен 3-1 эсебинде жеңишке жетишти.
Алгачкы эки беттешинде Пуэрто-Рико менен Болгарияны 3-0 эсебинде жеңген ай жылдыздуу команда 3 оюнду тең утуп жолун улантты.
Волейбол боюнча А улуттук кыздар командасы эртең төртүнчү беттешинде Аргентина менен ойнойт.
Квалификациялык тайпаларда алдыңкы 2 өлкө Париж Олимпиада оюндарына квота алышат.