Түркиянын А улуттук волейбол командасы Болгарияны жеңди
Олимпиадалык тандоо турунда 24 команда Кытай, Япония жана Польшада олимпиадалык виза үчүн ат салышат.
Түркиянын кыз-келиндерден куралган А улуттук волейбол командасы 2024 Париж Олимпиада оюндарынын тандоолорунун В тайпасындагы экинчи беттешинде Болгарияны 3-0 эсебинде жеңди.
Япониядагы беттеште улуттук курама биринчи сетти 25-20 эсебинде алдыда бүтүрдү.
Улуттук команда экинчи сетти да 25-19 эсебинде алдыда аяктады.
Үчүнчү сетти жакшы ойногон түрк командасы, бул сетти 25-15 жана матчты 3-0 эсебинде утуп алды.
Тордун султандары олимпиадалык тандоо оюндарынын экинчи беттешинде да эч жеңилбестен ойноду.
Ай жылдыздуулар тайпадагы үчүнчү беттешинде 19-сентябрь шейшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 07:00де Перу менен мелдешет.
Квалификациялык оюндарда өз тайпаларында эң мыкты 2 орунду ээлеген өлкөлөр Париж Олимпиада оюндарына квота алышат.
Олимпиадалык тандоо турунда 24 команда Кытай, Япония жана Польшада олимпиадалык виза үчүн ат салышат.
Тайпалар төмөнкүдөй:
А тайпасы (Кытай): Кытай, Канада, Чехия, Доминикан Республикасы, Мексика, Нидерландия, Сербия, Украина
В тайпасы (Япония): Япония, Түркия, Бразилия, Бельгия, Болгария, Пуэрто-Рико, Аргентина, Перу
С тайпасы (Польша): Польша, Колумбия, Германия, Италия, Түштүк Корея, Словения, Таиланд, АКШ