А улуттук курама команда Бельгияда ойнолгон даярдык беттеште Японигяа 4 - 2 эсебинде утулду
Бельгиянын Генк шаарындагы Чегека Аренада ойнолгон беттешти Голландиянын футбол федерациясынан Аллард Линдхоут башкарды.
2036600
А улуттук курама команда Бельгияда ойнолгон даярдык беттеште Японигяа 4 - 2 эсебинде утулду.
ТРТ 1ден берилген беттештеай жылдыздуу команданын голдорун Озан Кабак менен Бертуг Йылдырым киргизди.
EURO 2024 тандоолорунун Д группасынан атаандашсыз өткөн Түркия даярдык беттеште Япония менен беттешти.
Бельгиянын Генк шаарындагы Чегека Аренада ойнолгон беттешти Голландиянын футбол федерациясынан Аллард Линдхоут башкарды.
Японияга жеңиш алып келген голдорду 15 - мүнөттө Ацуки Ито, 28 жана 36-мүнөттө Кейто Накамура, 78-мүнөттө пенальтиден Жуня Ито киргизди.
Улуттук футбол команданын голдорун 44 - мүнөттө Озан Кабак жана 61 - мүнөттө Бертуг Йылдырым киргизди.
Япония Германия менен болгон даярдык беттеште атаандашын 4:1 эсебинде жеңген.