Разгатлыоглу Франциядагы биринчи жарышта биринчиликти алды

Магни курсунда өткөрүлгөн биринчи жарышта Pata Yamaha Prometeon командасы менен жарышкан Топрак жарышты 1 - орунда бүтүрүп, подиумга чыкты.

2035149
Разгатлыоглу Франциядагы биринчи жарышта биринчиликти алды

Улуттук мотоциклист Топрак Разгатлыоглу дүйнөлүк  супербайк чемпионатынын 9 - турунда Франциядагы биринчи жарышта биринчи келди.

Магни курсунда өткөрүлгөн биринчи жарышта Pata Yamaha Prometeon командасы менен жарышкан Топрак жарышты 1 - орунда бүтүрүп, подиумга чыкты.

Топрактан кийин италиялык спортчу Майкл Рубен Риналди экинчи,  британиялык   Жонатан Реа үчүнчү орунду ээледи.

Жалпы классификацияда упайларын 378ге жеткирип, сезондогу 6 - жеңишине жетишкен Топрак Разгатлыоглу 433 балл менен биринчи орунда турган испаниялык спортчу Альваро Баутистанын артынан келди.

Улуттук спортчу эртең бул трассада экинчи жарышына чыгат.

 



Тектеш кабарлар