Түркиянын командасы Израилди жеңди
«Тордун мырзалары» акыркы 16 турунда В тайпасын лидер катары аяктаган Словения менен беттешет.
2033513
Түркиянын волейбол боюнча А улуттук эркектер командасы CEV Европа чемпиондугунун D тайпасынын 5чи жана акыркы оюнунда үй ээси Израилди 3-0 эсебинде утуп акыркы 16 туруна өттү.
Улуттук курама Израилде өткөрүлгөн мелдештин D тайпасында 5 беттеште 2 жеңишке жетип, 3 жолу жеңилди.
Тайпасын 8 упай менен 4-орунда жыйынтыктаган «Тордун мырзалары» акыркы 16 турунда В тайпасын лидер катары аяктаган Словения менен беттешет.
Улуттук курама акыркы 16 тур оюнун Болгариянын Варна шаарында ойнойт.