Улуттук таэквондочулардан дагы беш медаль...

Роттердам шаарындагы иш-чарада пара таэквондо мелдештери  өттү.

2025049
Улуттук таэквондочулардан дагы беш медаль...

Нидерландияда өткөрүлгөн Европа паралимпиада чемпионатында улуттук таэквондочулар Гамзе Гүрдал менен Махмут Бозтеке алтын, Фатих Челик менен Лүтфийе Өздаг күмүш, Сечил Эр болсо коло медалга ээ болду.

Роттердам шаарындагы иш-чарада пара таэквондо мелдештери  өттү.

Кыз-келиндер арасында 57 килограммда күч сынаган Гамзе Гүрдал менен эркектер арасында 63 килограммда Махмут Бозтеке мелдеште атаандаштарын жеңип алтын медалды багындырышты.

Эркектерде 70 килограммда Фатих Челик жана аялдарда 65 килограммда Лүтфийе Өздаг күмүш медал тагынган чемпионатта кыз-келиндер арасында 65 килограммда Сечил Эр коло медалга ээ болду.



Тектеш кабарлар