Түрк командалары Европада артыкчылыкка ээ болушту...
Европа конференция лигасынын 3-тандоо оюндары уланып жатат.
2023076
УЕФАнын Европа конференция лигасынын 3-тандоо оюндарында түрк командалары 3 упайга ээ болушту.
Фенербахче өз талаасында Мариборду 3-1 эсебинде жеңди.
Бешикташ Азербайжандын өкүлү Нефтчини атаандаштын талаасында 3-1 эсебинде утту.
Юкател Адана Демирспор болсо Хорватиянын өкүлү Осиектен 5 гол менен озуп кетти.
Галатасарай 8-август шейшемби күнү УЕФА Чемпиондор Лигасынын 3-тандоо турунун биринчи оюнунда Словениянын өкүлү Олимпия Люблянаны атаандаштын талаасында 3-0 эсебинде жеңген.