Дөндү Йешилйурттан алтын медаль...

Роттердамдагы иш-чарада Түркияга алгачкы алтын медалды Дөндү Йешилйурт алып келди.

2022683
Дөндү Йешилйурттан алтын медаль...

Нидерландияда өтүп жаткан Европа паралимпиада чемпионатынын экинчи күнүндө пара дзюдочулар 1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медалга ээ болушту.

Роттердамдагы иш-чарада Түркияга алгачкы алтын медалды Дөндү Йешилйурт алып келди.

Пара дзюдо тармагындагы J1 категориясында кыздар арасында Дөңдү Йешилйурт 57 килограммда алтын медалды багындырса, Мерве Услу 70 килограммда,  Назан Акын Гүнеш +70 килограммда күмүш медалга ээ болушту.

Эркектер арасында J1 категориясында Ясин Чимжилер 90 килограммда, Онур Таштан +90 килограммда коло медаль тагынышты.

Эркектер арасында J2 категориясында да Ибрахим Бөлүкбашы +90 килограммда үчүнчү орунду алды.

Ушундайча Түркия мелдештердин экинчи күнүндө пара дзюдо тармагында 6 медалга ээ болду.

Эки күндүн жыйынтыгында улуттук дзюдочулар 1 алтын, 4 күмүш жана 4 коло жалпы 9 медалды жеңип алышты.

Европа паралимпиада чемпионаты 20-августта аяктайт.



Тектеш кабарлар