Волейбол боюнча тарыхый жетишкендик

Финалда Кытайды жеңип чемпион болгон Түркия дүйнөлүк рейтингде жаңы 1-орунга чыкты.

2012491
Волейбол боюнча тарыхый жетишкендик
A Milli Kadın Voleybol Takımı kupa şampiyon 5.jpg
A Milli Kadın Voleybol Takımı kupa şampiyon 4.jpg
A Milli Kadın Voleybol Takımı kupa şampiyon 3.jpg
A Milli Kadın Voleybol Takımı kupa şampiyon 2.jpg
A Milli Kadın Voleybol Takımı kupa şampiyon.jpg

Волейбол боюнча улуттук кыз-келиндер курама командабыз 2023-жылкы Улуттар Лигасында алдыңкы орунга чыкты...

Финалда Кытайды жеңип чемпион болгон Түркия дүйнөлүк рейтингде жаңы 1-орунга чыкты.

Беттешти жакшы баштаган тарап тордун султандары болду.

Жакшы ылдамдыкка жетишкен Ай-Жылдыздуулар биринчи сетти 25-22 эсебинде утуп, 1-0 эсебинде алдыга чыкты.

Беттештин экинчи сетинде азыраак ката кетирген Кытай 25-22 эсеби менен абалды 1-1ге жеткирди, бул да биринчи сеттегидей 25-22  болду.

Тордун султандары үчүнчү сетти жакшыраак баштады.

Эбрар Каракурттун жол башчылыгында Түркия атаандашынын сакчылыгын сындырып, айырманы 7 упайга жеткирди.

Жакшы оюнун уланткан ай-жылдыздуу команда 25-19 менен 2-1 алдыга чыкты.

Таймаштын 4-сети өз ара упайлар менен ийгиликтүү өтүп, эсеп 6-6га жетти.

Ушул учурдан тартып Кытайга үстөмдүк кылган улуттук курама командабыз айырманы көбөйтө башташты.

Күйөрмандарынын колдоосун алган Түркия төртүнчү сетти 25-16 жана беттешти 3-1 эсебинде утуп, уюмдун тарыхында биринчи жолу чемпион болду.

Акыркы упайдан кийин оюн талаасы кубанычка бөлөндү.

Мелиса Варгас матчтын эң мыкты оюнчусу жана пас чыгаруучусу, Гизем Өрге эң мыкты либеро жана Зехра Гүнеш эң жакшы тосуучу орто оюнчу болуп тандалды.

2023-жылы Улуттар Лигасынын туу чокусуна чыккан Түркия эл аралык деңгээлде эң чоң ийгилигине жетти.

Ай-жылдыздуу команда түзмө-түз тарыхка кирип, дүйнөлүк рейтингде жаңы номер биринчи болуп калды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган волейбол боюнча Улуттар Лигасынын 2023 чемпиону болгон «тордун султандарын» куттуктады.

Президент Эрдоган социалдык медиада жарыялаган билдирүүсүндө: «Улуттар лигасынын чемпиону болуу менен тарыхый ийгиликке жетишкен Түркиянын сыймыгы болгон тордун султандарын куттуктайм»,-деди.



Тектеш кабарлар