Улуттук балбандардан эки медаль
Бул тууралуу Түркиянын Күрөш федерациясынан билдирилди.
2012030
Венгрияда өткөрүлгөн 4-Рейтинг сериясында улуттук балбан Керем Камал алтын, Кадрие Аксой күмүш медалга ээ болду.
Түркиянын Күрөш федерациясынын билдирүүсүнө караганда борбор шаар Будапештте өткөрүлгөн мелдеште грек-рим стилинде 60 килограммда финалда ирандык атаандашы Онид Хосейн Арамини жеңип, Керем Камал алтын медалга ээ болду.
Кыз-келиндер арасында 65 килограмм салмакта күч сынашкан Кадрие Аксой өз салмагында аз балбан катышкандыктан, түндүк системасы колдонулган мелдештердин жыйынтыгында күмүш медалга ээ болду.