Мете Газоз рекордун жаңылады

Польшада болуп жаткан 3 -  Европа оюндарынын жаа атуу тармагында улуттук спортчу Мете Газоз классикалык жаа атуу тизмесинде рекордго жетти.

2003885
Мете Газоз рекордун жаңылады

Польшада болуп жаткан 3 -  Европа оюндарынын жаа атуу тармагында улуттук спортчу Мете Газоз классикалык жаа атуу тизмесинде рекордго жетти. 

Краков шаарындагы Пласзовянка жаа атуу паркында жаа атуу боюнча мелдештер башталды.

Олимпиада чемпиону улуттук атлет Мете Газоз эркектер арасындагы классикалык жаа боюнча 47 спортчу катышкан рейтинг жарышында Европа оюндарында кайрадан  рекордун жаңыртты.

Ийгиликтүү спортчу 2019 -  жылдагы Европа оюндарында 685 балл алып рекордго жеткен. Мете Газоз Краковдо квалификациялык  атууларда 692 баллга жетип биирнчи болду жана рекордун жаңылады. 

Аялдардын арасында Хазал Булут 705 балл менен 15 спортчунун арасында  5 -  орунду алды. 

Тандоо оюндары классикалык жаа атуу боюнча 26 -  июнда эркектердин арасында, аялдар арасында 27 -  июнда болот. 

 



Тектеш кабарлар