3 - Европа оюндары

Улуттук спортчулар биринчи күндү 2 алтын, 1 күмүш жана 2 коло болгон  жалпы  5 медаль менен аяктады. Европа оюндарында биринчи медаль ок атуу боюнча келди.

2003643
3 -  Европа оюндары
Eray Şamdan.jpg

Польшада өтүп жаткан  3 -  Европа оюндарынын биринчи күнү өттү.

Улуттук спортчулар биринчи күндү 2 алтын, 1 күмүш жана 2 коло болгон  жалпы  5 медаль менен аяктады. Европа оюндарында биринчи медаль ок атуу боюнча келди.

Исмаил Келеш эркектер арасында 10 метр пневматикалык тапанча категориясында финалда германиялык атаандашы Робин Валтерди 17-13 эсебинде жеңип алтын медалга ээ болду.

Бул жыйынтык менен  спортчу 2024-жылкы Олимпиада оюндарына катышуу укугуна ээ болду.

Эрай Шамдан каратэ боюнча эркектер арасында кумитеде 60 килограмм финалда күч сынашты.

Улуттук каратэчи грециялык атаандашы Кристос Ксеносту жеңип, алтын медалды багындырды.

Али Софуоглу эркектер арасында ката финалында Дамиан Кинтеро менен беттешти.

Атаандашын жеңген улуттук каратэчи күмүш медаль алды.

Кыздар арасында 50 килограммдын астындагы кумитеде күч сынашкан  Серап Өзчелик Арапоглу жарым финалда австриялык Беттина Планкка 5-3 эсебинде жеңилип, коло медалдын ээси болду.

Кыздар арасында 55 килограммга чейинки кумитеде күч сынашкан Тугба Якан да болгариялык Горановага жеңилип, коло медаль алды.

 

 



Тектеш кабарлар