Түркия Уэльсти 2 гол менен утуп алды

Самсундагы Жаңы 19 Май стадионунда ойнолгон беттешти калыс Фабио Мареска башкарды.

2001783
Түркия Уэльсти 2 гол менен утуп алды
Türkiye - Galler  cengiz.jpg
Türkiye - Galler ...jpg
Türkiye - Galler barış.jpg
Türkiye - Galler  hakan.jpg
Türkiye - Galler umut nayır.jpg

Улуттук футбол курама командасы УЕФА 2024 Европа чемпиондугунун (ЕВРО 2024) квалификациясынын D тайпасынын төртүнчү оюнунда Уэльсти 2:0 эсебинде утуп алды.

Самсундагы Жаңы 19 Май стадионунда ойнолгон беттешти калыс Фабио Мареска башкарды.

27 жылдан кийин Самсунда ойногон матчта Улуттук футбол командасы жеңишке жетти.

D тайпасында үчүнчү жеңишине жетишкен Түркия 9 баллга көтөрүлүү менен тизменин башында орун алуусун улантты.

Улуттук курама Уэльсти жеңип, атаандашы менен упай айырмасын 5ке жеткирди.

Жарым ай жылдыздуу команданын голдорун 72-мүнөттө Умут Найир жана 80-мүнөттө Арда Гүлер дарбазага киргизди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Уэльс жеңишинен кийин улуттук футболчуларды телефон аркылуу куттуктады.

Эрдоган команданын капитаны Хакан Чалханоглу жана жаш жылдыз Арда Гүлер менен сүйлөштү.

Тайпанын башка оюнунда Армения Латвияны 2:1 эсебинде утуп, 6 упайга көтөрүлдү.

ЕВРО 2024кө катыша турган 20 команда аныктала турган тайпалык баскыч 2023-жылдын 16-21-ноябрында ойноло турган беттештер менен аяктайт.

10 тайпада биринчи 2 орунду ээлеген командалар ЕВРО 2024кө катышуу укугуна ээ болушат.



Тектеш кабарлар