Улуттар лигасынын финалисти Хорватия...

2023  УЕФА Улуттар лигасында нормалдуу убактысы 2 – 2  теңдик менен аяктаган беттеште Нидерландияны узатуулардагы голдору менен  4 – 2  эсебинде жеңген Хорватия финалга жогрулады.

2000072
Улуттар лигасынын финалисти Хорватия...

 

2023  УЕФА Улуттар лигасында нормалдуу убактысы 2 – 2  теңдик менен аяктаган беттеште Нидерландияны узатуулардагы голдору менен  4 – 2  эсебинде жеңген Хорватия финалга жогрулады.  

Турнирдин биринчи жарым финалдык беттешинде Нидерландия менен Хорватия Роттердамдагы Фейеноорд 'De Kuip' стадионунда беттешти.

Нидерландия Румыниялык калыс Иштван Ковачтын башкаруусундагы беттештин биринчи бөлүгүн 34 - мүнөттө Донел Малендин киргизген голу менен  1-0 эсебинде алдыда аяктады.

Экинчи таймда дагы катуу ойногон Хорватия 55-мүнөттө Андрей Крамаричтин пенальтиде киргизген голдору жана 72-мүнөттө Марио Пасаличтин голдору менен 2-1 алдыга чыкты.

Нидерландия 90+6 – минутада  Ноа Лангдын киргизген голу менен эсепти 2-2ге жеткирди жана беттеш кошумча убакытка чейин барды.

Оюндун бул бөлүгүндө кайрадан көзөмөлдү колго алган Хорватия атаандашын 98-мүнөттө Бруно Петковичтин жана 116-мүнөттө Лука Модричтин пенальтиден киргизген голдору менен 4-2 эсебинде жеңип, финалга жогорулады.

Турнирдин башка жарым финалдык беттеши бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 21:45те Испания менен Италиянын ортосунда ойнолот.



Тектеш кабарлар