Түркиянын курамасы Сербияны 3-1 эсебинде жеңди
Мелдеш Түркиянын кожоюндугунда Анталья спорт залында өткөрүлдү.
Түркиянын волейбол боюнча А улуттук кыздар командасы Эл аралык волейбол федерациясынын (FIVB) Улуттар Лигасынын биринчи жумасындагы экинчи беттешинде Сербияны 3-1 эсебинде жеңди.
Түркиянын кожоюндугунда Анталья спорт залында өткөрүлгөн мелдешти жакшы баштаган ай жылдыздуу команда биринчи сетте 26-24 эсебинде утулуп калды.
Эки команданын өз ара упайлары менен башталган экинчи сеттин ортосуна карай айырманы ачкан «Тордун султандары» экинчи сетти 25-17 эсебинде утуп, тең чыгууга жетишти.
Улуттук курама үчүнчү сетти 25-15 эсебинде жеңип эсепти 2-1ге жеткирди.
Улуттук курама төртүнчү сетти 25-21, матчты да 3-1 эсебинде утуп алды.
Мелдешке чоң кызыгуу көрсөтүп залды толтурган көрүүчүлөр беттеш бою «Тордун султандарын» колдоону улантышты.
2023-жылдагы биринчи сыноосун берген FIVB Улуттар Лигасын кечээ Түштүк Кореяны 3-0 эсебинде жеңүү менен баштаган ай жылдыздуу команда үчүнчү оюнунда эртең Италия менен Түркия убактысы боюнча саат 20.00дө беттешет.