Ереванда Азербайжан желеги өрттөлдү

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чыңалуу сопртко да чагылды.

1975337
Ереванда Азербайжан желеги өрттөлдү

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чыңалуу сопртко да чагылды.

Армениянын борбор шаары Ереванда  өткөн Европа штанга чемпиондугунун ачылуу аземинде Азербайжандын желеги өрттөлдү. Бул кыймылга чоң каршылык көрсөтүлдү.

Азербайжандын жерлерин оккупациядан куткаргандан кийин Армения менен болгон чыңалуулар эки өлкөнүн мамилелерин калыбына келтирүүгө сокку урду. 

Өткөн күндөрдө  эки Азербайжан аскеринин жолдон адашып Армения чектеринин ичинде кармалып, зомбулукка учурашы жараткан чыңалуу улантылып бул жолу Армениянын борбор шаары Ереванда спортко да таасирин тийгизди. 

Оор атлетика боюнча Европа чемпионатынын ачылышында чоң чыр  - чатак чыкты.

Ачылыш аземинде чемпионатка катышкан өлкөлөрдүн желектери сахнага чыккан бөлүмдө кезек Азербайжанга келип залда ышкырыктар   жаңырды.

Андан кийин бир көрүүчү сахнанын алдына келип Азербайжан желегин алып бара жаткан кыздын колунан желекти алып өрттөдү.

Кызматкерлердин учурунда кийлигишүүсү менен желекти өрттөгөн адам залдан дароо чыгарылып желек алынды. 

Бул окуядан кийин Европа штанга федерациясынын Арменияга жаза берип же бербей тургандыгы алдыдагы күндөрдө белгилүү болот. 

 

 



Тектеш кабарлар