Теннис боюнча Түркияга сыйлык...

Испаниянын Барселона шаарында Европа Теннис федерациясынын башкы жыйыны өттү.

1965018
Теннис боюнча Түркияга сыйлык...

Европа Теннис федерациясынын башкы жыйынында «Эң өнүгүп келе жаткан өлкө» сыйлыгы Түркияга берилди.

Испаниянын Барселона шаарында Европа Теннис федерациясынын башкы жыйыны өттү.

Европа теннис федерациясы тарабынан жыл ичинде эң өнүгүп жаткан өлкөгө берилген жана быйыл Түркияга берилген сыйлыкты Түркия Теннис федерациясынын атынан төрага милдетин аткаруучу Айда Улуч Европа Теннис федерациясынын президенти Иво Кадеркадан алды.

Түркия теннис боюнча 141 турнир менен 2022-жылы Европада эң көп эл аралык турнир уюштурган экинчи өлкө болду.

Өткөн жылы эң көп эл аралык турнир уюштурган өлкөлөрдүн рейтингинде Испания 171 турнир менен алдыңкы орунга чыкты. Франция 119 турнир менен үчүнчү орунду ээледи.



Тектеш кабарлар