Кыз-келиндер арасындагы дүйнө чемпионаты...
Жарым финалда Италия менен Бразилия, Сербия менен АКШ беттешет.
1891680
Түркиянын волейбол боюнча А Улуттук кыздар командасы катышкан FIVB Дүйнө чемпиондугунда жарым финалга чыккан командалар белгилүү болду.
Польшанын Гливице шаарында ойнолгон чейрек финал оюндарында АКШ Түркияны 3-0, Сербия болсо үй ээси Польшаны 3-2 эсебинде жеңди.
Нидерландиянын Апелдорн шаарында өткөн чейрек финалда болсо Италия Кытайды 3-1, Бразилия Японияны 3-2 эсебинде жеңип, акыркы төрт командада калды.
Жарым финалда Италия менен Бразилия, Сербия менен АКШ беттешет.