Түркиялык волейболчу кыздар жеңишке жетишти
Түркиянын курамасы чемпиондук беттеште Иранды кабыл алды.
1868292
Коньяда өтүп жаткан 5-Ислам тилектештиги оюндарында күч сынаган волейбол боюнча улуттук кыздар командасы чемпиондук беттеште Иранды кабыл алды.
Оюнду күйөрмандардын колдоосу менен кызуу баштаган ай жылдыздуу команда сетти 25-20 эсебинде утуп, 1-0 эсебинде алдыга чыкты.
Улуттук курама экинчи сетти 10 упайлык айырма менен 25-15 эсебинде жеңди жана абалды 2-0гө алып келди.
Үчүнчү сетте да чабуулда үстөмдүк кылууну уланткан Түркиянын курамасы сетти 25-17 жана беттешти 3-0 эсебинде утуп чемпиондукка ээ болду.
Тордун султандары мелдешти эч жеңилбестен аякташты.