ФИФА Пакистанды кайрадан мүчөлүккө кошту

ФИФА Пакистандын футбол федерациясына коюлган бардык чектөөлөрдү алып салууну жана PFFны мүчөлүккө кошууну чечти.

1850665
ФИФА Пакистанды кайрадан мүчөлүккө кошту

ФИФА 2021-жылдын 7-апрелинде токтотулган Пакистандын Футбол федерациясынын (ПФФ) мүчөлүгүн калыбына келтирди.

ФИФА Пакистандын футбол федерациясына коюлган бардык чектөөлөрдү алып салууну жана ПФФны мүчөлүккө кошууну чечти.

ФИФА 2021-жылдын 7-апрелинде Сайед Ашфак Хусейн Шах башында турган мурдагы жетекчиликтин Пакистандын Футбол федерациясынын башкы борборун басып алгандан кийин ПФФнын мүчөлүгүн токтоткон.

Пакистанда ФИФА тарабынан дайындалган нормалдаштыруу комитетинен федерациянын объектилерин, эсептерин, администрациясын жана байланыш каналдарын толук көзөмөлдөй турганы бекитилмейинче, ПФФнын мүчөлүк укуктары кайтарылбай турганы айтылган.

Шайлоо ФИФАнын жобосуна ылайык өткөрүлбөгөндүктөн, ПФФнын жетекчилиги 2019-жылдын сентябрь айында ФИФА тарабынан дайындалган жана Харун Малик жетектеген нормалдаштыруу комитетине берилген.



Тектеш кабарлар