Атайын спортчулар Дубайда 5 медаль, анын ичинен 2 алтын жеңип алышты

Түркиянын Атайын атлеттер спорт федерациясынын билдирүүсүнө караганда, Дубайда өткөрүлгөн турнирде улуттук курама команда узундукка секирүүдө Фатма Дамла Алтын жана ядро ыргытууда Михрибан Коркмаз менен алтын медалга ээ болду.

1802553
Атайын спортчулар Дубайда 5 медаль, анын ичинен 2 алтын жеңип алышты

Пара Атлетика Улуттук курама командасы Дубайда өткөн 2024-жылы боло турган Париж Паралимпиадалык оюндарына да квота упай берген Эл аралык Пара Атлетика Гран При турнирин 2си алтын 5 медаль менен аяктады.

Түркиянын Атайын атлеттер спорт федерациясынын билдирүүсүнө караганда, Дубайда өткөрүлгөн турнирде улуттук курама команда узундукка секирүүдө Фатма Дамла Алтын жана ядро ыргытууда Михрибан Коркмаз менен алтын медалга ээ болду.

Ай-Жылдыздуу команда ядро ыргытууда Эда Йылдырым жана 400 метрге чуркоодо Мухсине Гезер менен күмүш, узундукка секирүү боюнча Эданур Акын менен коло медаль тагынды.

Билдирүүдө көз караштары орун алган Түркиянын Атайын атлеттер спорт федерациясынын төрагасы Бирол Айдын турнирди 5 медаль менен ийгиликтүү аяктагандарын белгилеп: «Мен бардык кесиптештеримди жана биздин техникалык комитетти күрөшү жана өжөрлүгү үчүн куттуктайм. Биздин федерация акыркы жылдарда өзгөчө паралимпиада тармагындагы ийгиликтери менен атын чыгарууну улантууда. Жаңы мезгилде биздин максатыбыз 2024-жылкы Париж Паралимпиадалык оюндарына  түздөн-түз дагы көп спортчулар менен катышуу жана медалдарга ээ болгууу»,-деди.



Тектеш кабарлар