Пекинде жарышкан Баркеронун допинг тести оң чыкты

2022 Пекин Кышкы Олимпиада оюндарына катышкан испаниялык конькичи Лаура Баркеронун допинг тестинин оң чыкканы белгилүү болду.

1783462
Пекинде жарышкан Баркеронун допинг тести оң чыкты

2022 Пекин Кышкы Олимпиада оюндарына катышкан испаниялык конькичи Лаура Баркеронун допинг тестинин оң чыкканы белгилүү болду.

Эл аралык тестирлөө агенттиги (ITA) 18 - февралда спортчудан алынган үлгүдө Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин тыюу салынган тизмесине кирген зат бар экенин билдирди.

Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарында Баркеро менен бирге жалпысынан 4 спортчунун тести оң чыкты.

Лыжа чуркоо тармагында жарышкан украиналык Валентина Каминска, чана категориясында жарышкан украиналык Лидия Хунконун жана тоо лыжасында жарышкан ирандык Хүсейин Саве Шемшекинин тесттери да оң чыккан.



Тектеш кабарлар