Кышкы Олимпиада оюндарындагы COVID-19 кризиси...

Канада-Орусия Олимпиада комитетинин аялдар арасындагы хоккей боюнча беттешинде оюнчулар муз аянтчасына бет капчан чыгышты.

1775031
Кышкы Олимпиада оюндарындагы COVID-19 кризиси...

Пекин-2022 Кышкы Олимпиада оюндарында коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) сезгичтиги өзү менен бирге жаңылыкты алып келди.

Канада-Орусия Олимпиада комитетинин аялдар арасындагы хоккей боюнча беттешинде оюнчулар муз аянтчасына бет капчан чыгышты.

Орусиянын Олимпиада комитетинин Ковид-19 тестинин жыйынтыгы кечигип жаткандыктан Канада командасынын кийим алмаштыруучу жайынан чыккысы келген жок.

Өткөн жумада команданын алты оюнчусунун Ковид-19 тести позитив болуп чыккандыктан карантинге алынган.

Ушулардан улам Эл аралык хоккей федерациясы бир чечимге келип, командалар беткап менен талаага чыгышты.

Үчүнчү таймдын башында орусиялык оюнчуларга тесттин жыйынтыгы негатив болуп чыкканда беткаптарын чечүүгө уруксат берилди.

Бирок канадалык оюнчулар беттешти бет кап менен улантышты.

Беттешти 6-1 эсебинде жеңген Канада А тайпасында алдыга чыкты.

Ковид-19 эпидемиясына каршы катуу чаралар көрүлгөн кышкы оюндарда спортчулар мелдеш учурунда беткап кийүүгө милдеттүү эмес.



Тектеш кабарлар